Германия Өзбекстан менен миграция жаатында келишим түздү

Автор

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Германиянын канцлери Олаф Шольц миграция боюнча келишимге кол коюшту. Кол коюу 15-сентябрда Самарканддагы сүйлөшүүлөр учурунда болду.
Миграция боюнча келишим Германияга квалификациялуу жумушчулардын, айрыкча саламаттыкты сактоо тармагындагы адистердин кирүүсүн жеңилдетүүгө, Германияда калууга укугу жок өзбектерди кайтарууга багытталган. Жалпысынан Германияда 13,7 миң өзбек жашайт.
Шольц Өзбекстанга эки күндүк иш сапары менен келген. Жалпысынан эки тарап сегиз документке кол коюшкан. Алардын катарында ветеринария жана мал чарбачылыгы жаатында кызматташтык жөнүндө декларациялар, суу ресурстарын жана маанилүү минералдарды туруктуу пайдалануу, транспорт тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишимдер бар. Ошондой эле Өзбекстандын жана Германиянын алдыңкы ишканаларынын ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Эркин Тентишев эми Күрөш федерациясын жетектейт

Эркин Тентишев КР Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кезексиз шайлоо конференциясы 14-сентябрда Бишкекте өттү. Буга чейин Мелис Турганбаев президент болгон. Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарынан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Белгилей кетсек, ал Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айылчарба институтун, Кыргызстандын Эл аралык […]

Сизге жагышы мүмкүн