Германия Украинага 7 миллиард евро жардамын жарыялады

Автор

Германия 2024-жылы Украинага 7 миллиард евродон ашык аскерий жардам берүүнү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдирди.
16-январда Германиянын канцлери Олаф Шольц америкалык лидер Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар Украинага жардам берүүнү улантуу, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашканы белгиленди.
Ал арада Германияда дыйкандардын нааразылык акциялары токтобой жатат. Euronews белгилегендей, демонстранттар бийликти 1 миллиард евро үнөмдөө жүгүн дыйкандардын мойнуна жүктөө ниетинде деп айыпташууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Каржы пирамидасына боюнча 358 иш тергелди

2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет. Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым […]

Сизге жагышы мүмкүн