Германия Украинага 500 миллион евро бөлөт

Автор

Германия Украинага аскердик жардам үчүн кошумча 500 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министри Борис Писториус Рамштайн шаарындагы АКШнын аба күчтөрүнүн базасында журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Коргоо министрлигинин башчысы Берлин 10 миң ок-дарыны запастардан Украинанын Куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берүүнү пландап жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Киев Чехиянын демилгеси менен дагы 180 миң ок-дары алганын кошумчалады.
Жай айларында жеткирүү башталып, бир нече этап менен ишке ашырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Нооруз-2024”: «Достук» менен «Ынтымак» финалда беттешет

Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Кечээ Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары республикалык мелдешинин финалына чыкты. Маалым болгондой, финалдык беттеш 21-мартта өтөт. Белгилей кетсек, «Ак кула» ат майданында Нооруз мелдешинин Жогорку лигасынын жарым финалдык оюндары аяктады. Анда “Сары-Өзөн” […]

Сизге жагышы мүмкүн