Германиянын Тышкы иштер министри Анналена Бербок Украинанын аймагына ок атышууну токтотуу шартында немис тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Бул тууралуу министр Брюсселде өткөн НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.
Бербоктун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимине жетишилсе, немис аскерлери тынчтыкты камсыздоо үчүн тартылышы мүмкүн. Министр ошондой эле НАТОго мүчөлүк сыяктуу коопсуздук кепилдиктерине кошумча катары ок атышууну токтотууну камсыздоо үчүн “эл аралык катышууну” карап чыгуу керектигин белгиледи.