Германия Орусиянын 4,1 млрд евро активдерин тоңдурду

Автор

Декабрдын башында Германия Евробиримдиктин санкциялык режиминин алкагында Орусиянын болжол менен 4,1 миллиард евролук активдерин тоңдурган. Бул тууралуу Германиянын Каржы министрлигинин өкүлү билдирди.
«Буга тоңдурулган акчаларды, жеке адамдардын экономикалык ресурстарын, ошондой эле Россиянын Борбордук банкынын бөгөттөлгөн активдерин камтыган санкцияларга дуушар болгон бардык активдер кирет», – деди ал.
Билдирүүгө ылайык, кеп россиялык жеке адамдардын акчасын жана мүлкүн, ошондой эле Россия банкынын активдерин камтыган активдер жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин Германиянын Башкы прокуратурасы Орусиянын 720 миллион евролук активдерин камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Дордой" клубуна орусиялык машыктыруучусу дайындалды

Россиялык адис Максим Лисицын “Дордой” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футболдук лигасынан билдиришти. Келишим бир сезонго каралган. Кыргыз футбол союзу менен макулдашуу боюнча, Лисицын Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын (U-23) башкы машыктыруучусу кызматында калат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн