Германиянын Москвадагы элчиси Александр Ламбсдорф Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Маалымат каражаттары муну немис офицерлеринин массалык маалымат каражаттарына жайылып кеткен аудио жазуусуна байланыштырууда.
Буга чейин немис аскерлеринин сүйлөшүүсү тыңшалып калганы белгилүү болгон. Бул маалыматты Коргоо министрлиги тастыктады.
Аудио тасманы 1-мартта «Россия сегодня» медиа тобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян жарыялаган. Маалыматка ылайык, 19-февралда Бундесвердин жогорку даражалуу офицерлеринин ортосунда сүйлөшүү болгон. Алар Украинанын Taurus ракеталарын Крым көпүрөсүндөгү чабуулдар үчүн колдонууну талкуулашкан.