Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок дүйшөмбү күнү эртең менен Украинанын борбор шаары Киевге коопсуздук максатында мурда жарыяланбаган сапар менен келди.
Бул немис министринин Украинанын аймагында атайын аскердик операция башталгандан берки төртүнчү сапары. Ал Германия Украинаны Евробиримдикке кирүү жолунда колдой турганын, бирок өлкө дагы деле реформаларга муктаж экенин билдирди.