Германия Федеративдик Республикасынын (ФРГ) президенти Франк-Вальтер Штайнмайер канцлер Олаф Шольцтун өтүнүчү менен парламентти таркатты. Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо 23-февралда өтөт.
«Жаңы шайлоо биздин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн туура жол экенине ишенем»,-деген Германиянын президенти оор мезгилде туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ишенимдүү көпчүлүккө ээ иштей турган өкмөт зарыл экенин билдирди.
Ноябрь айында Германияда башкаруучу коалиция тараган. Андан кийин бундестаг өкмөткө ишенимсиздик көрсөткөн. 20-декабрда мырза Штайнмайер парламентти таркатуу чечимин кабыл алууга макул болгон.