Германиянын президенти Казакстанга келет

Автор

Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 19-21-июнь күндөрү Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат.
Сапардын алкагында мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө, транспорттук-логистика жана энергетикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө басым жасоо менен казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана келечегин карашат.
Германиянын Федералдык президенти Казакстан жана Германия университеттеринин ректорлорунун форумунда сөз сүйлөйт.
Иш сапарынын алкагында Франк-Вальтер Штайнмайер Мангыстау облусуна барып, аймактын экономикалык потенциалы менен таанышууну пландоодо.
Жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлөт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жол аталды

Испаниянын түштүгүндөгү Падышанын изи (El Caminito del Rey) аттуу эң коркунучтуу жөө жүрүүчү жол бар. Жолдун  узундугу 3 км, туурасы болгону 1 м, бирок айрым жерлерде катуу эскиргендиктен, туурасы 30-50 смге чейин кыскарган. Азыр жол туристтер үчүн расмий түрдө жабылды, бирок бул “адреналин ышкыбоздорун”  токтото албай  “Эль Чорро” капчыгайына дагы […]

Сизге жагышы мүмкүн