Дохада Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер учакта тосуп ала турган Катар делегациясын жарым сааттай күткөнү белгилүү болду. Күтүүнүн себеби учактын белгиленген мөөнөттөн эрте келгени экени айтылды.
Жарым сааттык күтүүдөн кийин учакка кабыл алуучу өлкөнүн өкүлү, Катардын тышкы иштер мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль Мурайхи келди.
Франк-Вальтер Штайнмайер 7-октябрда ХАМАС тарабынан туткунга алынган немис жарандарын бошотуу маселесин талкуулоо үчүн Катардын борборуна учуп, эмир Тамим Аль Тани менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөр болжол менен бир жарым саатка созулду. Штайнмайер Катарга Германиянын жарандыгы бар барымтадагыларды бошотуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди. «Жакынкы күндөрү жакшы кабар алабыз деп үмүттөнөм»,-деди Германиянын президенти жолугушуунун жыйынтыгында.
Bild басылмасынын маалыматына караганда, Газа тилкесинде 11ге жакын немис барымтада турат.