Германиянын канцлери Өзбекстанга келди

Автор

Германиянын канцлери Олаф Шольц эки күндүк иш сапары менен Самаркандга келди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аны тарыхый Регистан аянтында тосуп алды. Тараптар бир нече эки тараптуу документтерге кол коюшту.
15-16-сентябрда Олаф Шольц менен Шавкат Мирзиёев тар чөйрөдө жана делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жыйынтыгында тышкы иштер мекемелерине өзбек-немис мамилелеринин деңгээлин көтөрүү жана аймактык, эл аралык маселелер боюнча кеңештерди өткөрүү тапшырылды.
Тараптар миграция, транспорт, климаттын өзгөрүшү, сууну туруктуу пайдалануу жана критикалык минералдар жаатындагы өнөктөштүк боюнча сегиз документке кол коюшту.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы футбол стадионунда отургучтар орнотулууда

Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан жаңы футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Андагы видеодо жаңы стадиондо көрүүчүлөр отура турган орундуктар даярдалып жатканын көрүүгө болот. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун […]

Сизге жагышы мүмкүн