Премьер – министр Щольц Федерал парламенттин макулдугун алалган жок. Мындан улам парламент мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанмай болду.
Өкмөттүн отставкага кетишине Олаф Щольцтун 7-ноябрь күнү өкмөттөгү өнөктөшү экономика министри Кристиан Линднерди кызматтан алганы себеп болгон.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер парламенттик шайлоону 16-февралга белгилеши мүмкүн. Учурда сурамжылоолор келечектеги канцлер Фридрих Мерц алдыда баратканын айтышууда.