Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский ZDF телеканалына берген маегинде украин аскерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн армия айрым жерлерде чегинүүгө аргасыз болорун билдирди. Анын айтымында, фронттогу кырдаал оор жана жаңы чечимдерди талап кылат.
Өлкө жетекчилиги жана армия үчүн адам өмүрү башкы баалуулук экенин белгилеген генерал аскерлерин жоготкондон көрө, бир жолу чегинген жакшы деп эсептейт. Жаңжал дагы бир нече жылга созуларын болжолдоп, Киев өз жоокерлеринин өмүрүнө кам көрүшү керектигин кошумчалады.
Сырский Украина өзүнүн бардык аймактарын кайтарып аларын айтып, украиналыктарды жеңиш идеясынын айланасында биригүүгө, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө чакырды. Башкы командачы батыштык өнөктөштөргө гана таянбастан, өз алдынча аракеттенүүгө даяр экенин билдирди.