Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчысы генерал – полковник Абдыгул Чотбаев Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду колдоп, ФБ баракчасына мынтип жазды.
Генерал- полковник “Шайлообек Атазовго жармашканды токтотуш керек. Бүгүнкү күндө Атазов өз депутаттык милдетин зор аткарып, күчүн, билимин элдин жашоосу жакшы болсун деп аракет кылып атат”, – деди.
Шайлообек Атазов Свердлов округунан депутаттыкка аттанганда алгачкылардан болуп, генерал Чотбаев сүрөөнгө алган.