Гебрейесус: Эң мыкты дары – тынчтык

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газа тилкесинде жана Жакынкы Чыгыш аймагында тынчтыкка жетишүүгө үмүт артууда. Бул тууралуу ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасында жазды.
«ДССУ Ливанда ок атышууну токтотуу боюнча келишимди кубаттайт. Соңку куралдуу кагылышуулар саламаттыкты сактоо системасы үчүн өзгөчө оор болуп калды»,-деп билдирди уюмдун башчысы. Гебрейесус бул келишим тезинен ишке ашырылып, Ливанда туруктуу тынчтык орнотууга алып келет деп үмүттөнөрүн, «Газа тилкесинде жана бүт аймакта тынчтык орнотуу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө түрткү болот»,- деп кошумчалады.
Газа тургундары азап чегип жатканына токтолуп, тирүү калуу үчүн өтө маанилүү болгон ок атышууну токтотуу жана толук кандуу гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. «Эң мыкты дары – бул тынчтык»,-деп жыйынтыктады ал сөзүн.

Бөлүшүү:
Next Post

28-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, эртең, 28-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +18…+23, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21, Баткенде түнкүсүн -1…+3, күндүз +13…+18, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5. Бишкекте жаан-чачын […]

Сизге жагышы мүмкүн