Гапыр Мадаминов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Каныбек Иманалиев айтылуу агартуучу менен жолугушууда мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкарада ТМУ саммитинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: — Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы — Түрк мамлекеттеринин уюмунун […]

Сизге жагышы мүмкүн