Газдын баасы 7 сомго чейин көтөрүлгөн

Автор

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыркы жумадагы унаалардын узун кезекте турган газ тартыштыгы көтөрүлдү.
“Экологияны сактайбыз деп көпчүлүк унааларды газга өткөздүк эле. Бирок, учурда борбор калаада газ жок, унаалар кезекте туруп калышты. Нефтетрейдерлер менен иш алып барып, газ маселесин жөнгө салыш керек”,- деди депутат Бактыяр Калпаев.
Ал январь айынан бери газдын баасы 7 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтты. Ошондой эле Орусия менен Казакстанда камакта отурган мигранттарды Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

“Балага сүйүнчүнү” кантип алуу керек?

“Балага сүйүнчү” алуу үчүн арызды ким бере алат? Кыргызстанда 1-октябрга карата “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн 107 миң 183 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигини билдирди. Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 430 млн сом каралган. Анын ичинде 27 үч эм балага 1, 3 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн