Газа тилкеси согуштук аракеттер башталгандан берки эң катуу аткылоого кабылды. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн өкүлүнүн айтымында кургактагы операциясынын масштабын кеңейтилүүдө. Куралдуу күчтөрү жер астындагы буталарга жана инфраструктурага сокку урууда. Араб тилдүү басылманын кабарчысынын айтымында, жума күнү кечинде Газа тилкеси согуш башталган 7-октябрдан берки эң катуу жардырууга дуушар болду. Анда Газада байланыштарды жана интернеттин көбү үзүлдү.