Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен чыгарылды.
Кыргыз тарап Газа тилкесинен КР жарандарын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет.
Белгилей кетсек, буга чейин ноябрдын аягында Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланган.