Газанын кеминде 2300 адамы бар негизги ооруканасында толугу менен электр жарыгы өчүрүлгөн. ДССУ бул кооптуу абалга алып келеринен тынчсызданууда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газанын негизги медициналык мекемеси болгон Аль-Шифа ооруканасында электр жарыгы дээрлик толугу менен өчүп, тамак-аш жана суу тартыштыгы жаралып жатканын билдирди. “Тынымсыз аткылоо жана жардыруулар ансыз деле оор кырдаалды курчутуп жатат. Тилекке каршы, бейтаптардын өлүмү бир топ көбөйүп, Аль-Шифа оорукана катары иштебей калды”,-деди ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус.
Бүгүн Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Себеби
Шей Ноя 14 , 2023