Газада 87 миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү

Автор

Газа секторунда полиомиелитке каршы эмдөөнүн биринчи күнүндө 87 миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү. Жалпысынан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 10 жашка чейинки 640 миңден ашуун баланы эмдөөнү пландаган.
1-сентябрда Газанын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат лагеринде 2,2 миң кызматкер тарабынан 392 туруктуу пунктта эмдөө иштери башталды. Аймакка жалпы 1,26 миллион доза вакцина жеткирилген. ДССУ дагы 400 миң доза жеткирүүнү пландап жатат. Израиль вакцинация үчүн гуманитардык коридор жана өзүнчө коопсуз аймактарды түзүүгө макул болгон.
Газа тилкесинде полиомиелиттин биринчи учуру он айлык ымыркайдан аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттик администрациянын мурдагы имараты эки министрликке берилди

Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы президенттик администрациянын имаратына Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги көчүп келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров имаратты ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевге жана Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиевге тапшырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн