Газадагы православ чиркөөсүнө ракета тийди. Адамдар урандыда калышы мүмкүн

Автор

19-октябрда ММКларда Газа тилкесиндеги грек православ чиркөөсүнө кол салуу тууралуу маалымат пайда болду. Анда чиркөөнүн урандылары астында ондогон адамдар калганы жазылган.
Иерусалимдин православдык чиркөөсүнүн епискобу Тиберияданын архиепискобу Алексий окуя тууралуу грек коомдук телеканалына маалымдады. Ал Газа тилкесиндеги Ыйык Порфириос грек православ чиркөөсү Израилдин бомбалоосунан улам талкаланганын билдирди.
Ракеталык атуулдардан имараттын баары кулап түшкөн. Ичинде көптөгөн христиандар бар болчу. Епископ белгилегендей, чиркөөгө караштуу монастырда 400дөн ашуун адам жашайт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Бата кайсы убакта адашат?

Орто бойлуу, ак саргыл тарткан, адеми кийинип, аярлана баскан, ак калпакчан чал автобуска илинер замат: — Ассалому алейкум, — деп угуза дабыштады. Үнү бийик, доошу угумдуу, анын саламына эч ким үн катпаганда орус аял: — Салам аликим, — десе болобу? — Ыракмат, байбиче, мусулман динине өтпөсөң да дили тунук, ою […]

Сизге жагышы мүмкүн