Газадагы жаңжалга бир жыл: Европа лидерлери ок атышууну токтотууга чакырды

Автор

Euronews сайтындагы маалыматка караганда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасады. Анда “Европа биримдиги ошол каргашалуу күндөн бери жашоолору кыйраган бардык күнөөсүз адамдарды колдойт. Бир жыл өттү, ал эми Газа тилкесиндеги гуманитардык абал коркунучтуу”,-деди. Ал Газа секторунда ок атышууну токтотууга жана ХАМАС тарабынан барымтага алынган израилдиктерди бошотууга чакырды.
Израил бийлиги Газа секторунда 100 туткун калганын билдирүүдө. Euronews белгилегендей, алардын 70ке жетпегени аман калган деп эсептелүүдө.
Ошол эле мезгилде Газага соккулар уланууда. 6-октябрда, израилдик аскерлер Газанын түндүгүндөгү Жабалия аймагында, 1948-жылдагы согуштан кийин пайда болгон качкындар лагеринде аба жана жер чабуулдарын баштаганын жарыялады. Израил Газанын түндүк бөлүгүн толук эвакуациялоо чакырыгын кайталады. Жаңы буйруктар миңдеген адамдарды аймактан чыгып кетүүгө мажбур кылды.
Катуу талкаланган Газанын түндүгүндө 300 миңдей адам калган. 1 миллионго жакыны түштүккө качкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев; – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн