Гавайи архипелагындагы эң чоң аралдардын бири, туристтер арасында популярдуу Мауи аралын каптаган токой өртүнүн кесепетинен алты адам каза болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Гавайидеги шаарчанын жашоочулары өрттөн качып океанга кетүүгө аргасыз болгон “кыямат көрүнүштөрү” тууралуу кабарлашты. Аралдын бир бөлүгү өрттөнүп жок болду. 13 миңдей тургуну бар шаардагы ондогон үйлөр жана ишканалар талкаланган.
Гонолулудагы Улуттук Аба ырайы кызматы билдиргендей, Мауидеги өрт Гавайидеги «Дора» бороон-чапкынынан улам келип чыккан.
Бийлик калкты эвакуациялоону жарыялады.
Эки миң саякатчы Кахулуи аралынын аэропортуна баш калкалап жатканы кабарланууда.