Эл аралык Гаага сотунда Түштүк Африканын Израилдин үстүнөн даттануусу каралып жатат. Өткөн жуманын аягында соттук териштирүүнүн 1-отуруму башталды. Түштүк Африканын 84 барактан турган даттануусунда Израил Палестина элин тукум курут кылууга айыпталып жатат. “Израилдин “темир кылыч” аскердик аракети 1948-жылкы Эл аралык конвенциянын бузулушуна алып келип, Палестина калкын тукум курут кылууда. 1948-жылдан бери Палестинаны бөлүп, жаруу аркылуу тынч тургундардын укугун тепселеп келет. Бир жылдан бери жардамдын ар кандай түрлөрүн өткөзбөй жатышат”,-деп билдирди Түштүк Африканын өкүлү.
Сотко Израил тараптан 20 өкүл катышууда.