Вьетнамда бир жыл ичинде экинчи жолу президенти алмашты

Автор

Вьетнамда армиянын генералы Лыонг Кыонг жаңы президент болуп шайланды. Аны бул кызматка өлкөнүн парламенти шайлады.
Ал 2024-жылдын май айында президент болгон То Ламдын ордуна келди. Август айында То Ламды Вьетнам Коммунисттик партиясынын башкы катчысы кылып шайлашты. Ошентип, ал өлкөнүн саясий иерархиясында жогорку кызматты ээлеп, президенттик кызматты таштап кетти.
67 жаштагы Лыонг Кыонгду шайлоону жыйынга катышкан 440 мыйзам чыгаруучунун бардыгы колдоп беришти. Инаугурациядагы сөзүндө ал өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүүгө убада берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Манас Осмон, журналист: “Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн жаап салсын!”

— Президент Садыр Жапаровдун россиялык журналистке «Батыш мамлекеттери Россияга байланыштуу көрсөтмө бербеши керек» деген маанидеги жообу чоң талкуу жаратты. Сиз кандай дейсиз? — Анткени, мындан мурда эч бир кыргыз саясатчысы Батыш өлкөлөрүнө каяша айта алган эмес. Мурда кайсы бир саясый окуяларда тышкы өлкөлөрдүн таасири болуп келген. Маселен, Акаев, Бакиев деле […]

Сизге жагышы мүмкүн