Владимир Путин жана Нарендра Моди бейрасмий жолугушуу өткөрүштү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Ново-Огареводо бейрасмий жолугушуу өткөрүштү.
Путин Модини премьер-министрликке кайра шайланышы менен куттуктады. Нарендра Моди 9-июлдагы орус-индиялык сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы достукту дагы бекемдөөгө салым кошот деп билдирди.
«Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Эртең расмий сүйлөшүүбүз болот. Ал эми бүгүн биз тынч үй шартында сүйлөшө алабыз”,-деди Владимир Путин.
Премьер-министр өз өлкөсүндө акыркы 60 жылда биринчи жолу бир башкаруучу коалициянын өкмөтү үчүнчү жолу катары менен шайланганын белгиледи. «Менин принцибим — реформалоо, аткаруу жана өзгөртүү. Индия эли дал ушул принцип үчүн добуш берди»,-деген Моди мөөнөтүндө үч эсе көп иштөөгө убада берди.
Маалыматтарга караганда, кийинки сүйлөшүүлөр учурунда Украинанын конфликтин тынчтык жолу менен чечүү маселеси талкууланат.
Индиянын премьер-министри орус президентине кызыктуу программа үчүн ыраазычылык билдирди.
Владимир Путин Нарендра Модини Ново-Огарево резиденциясынын аймагында электромобилде айлантып көрсөттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат. Андан ары минкаб башчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн