Владимир Путин Вьетнамга мамлекеттик сапар менен келди

Автор

Ханойдо орус лидери Вьетнам Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин башкы катчысы Нгуен Фу Чонг, президент То Лам, премьер-министр Фам Минь Тинь жана Улуттук жыйындын төрагасы Чан Тхань Ман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле анын советтик жана орус жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуусу белгиленген.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу билдирүүгө кол коюу күтүлүүдө.
Вьетнам мамлекет башчынын үч күндүк сапарынын акыркы чекити болот.
Путин президенттик кызматта турганда Вьетнамга бешинчи жолу келип жатат. Буга чейин ал бул өлкөгө 2001, 2006, 2013 жана 2017-жылдары келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткендеги талааларды чегиртке каптады

Баткен облусунда талааларды зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталган. У чурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө. “Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды”, — деп айтылат маалыматта. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн