Вице-спикер мурдагы министрди жоопко тартуу керектигин билдирди

Автор

“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип, мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин үстүнөн 2 кылмыш иш козголгон эле, ошол эмне болду”,- деп сурады Жогорку Кеңештин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
“Курамында кылмыш иши аныкталбагандыктан кыскартылыптыр. Мамлекетке болгон чыгым 16 млн 676 миң сом деп эсептелген экен. Аны төлөтүү боюнча соттук иш чаралар учурда жүрүп жатыптыр”,- деди башкы прокурор.
“Ушул кишинин айынан көмүрдү да сырттан алганбыз. Кылмыш иш козгогондон кийин аягына чыгарыш керек да. Сиздер сотко өткөзүп берген менен соттордо ишеним болбой жатпайбы”,-деди нааразылык билдирип.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат мугалимдердин эмгек саатын кыскартууну сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билим берүү министринин кары-картаң мугалимдердин эмгек саатын кыскартуу сунушун сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-апрелдеги парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Мындай абал башмыйзамга терс жана адам укуктарын чектөө катары кабыл алынаарын белгиледи. Ал өкмөткө кайрылып, “бул жакшы жол эмес, аларды куугунтуктай берсек кайда барышат, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн