Туура эмес кам көрүүдөн улам тиштер бошоп, түшүп калышы мүмкүн. Аларды тиш доктурга барбай эле бекемдесе болот. Тишти үй шартында кантип бекемдөө керектиги Healthline медициналык басылмаларына жарыяланды. Ага ылайык, тиштерди бекемдөө үчүн аларды күнүнө эки жолу 2-4 мүнөттөн фтор камтыган тиш пастасы менен тазалап туруу, тиш жиптерин жана ооз чайкоочу каражаттарды колдонуу зарыл.
Тамак-ашка кальций жана фосфорго бай азыктарды кошуу маанилүү. Ага сырлар, эт, жаңгактар, жашылча-жемиштер, майлуу балык, жумуртка кирет. Ошондой эле таттуу, кычкыл жана алкоголдук ичимдиктерди чектөө керек.
Тиштердин саламаттыгы үчүн тамеки заттарынан баш тартуу сунушталат. Анткени Америка стоматология ассоциациясынын маалыматы боюнча, алар тиштердин түшүшүнө жана тиштин этинин ооруларына алып келет.