Витаминдерди туура колдонуңуз

Автор

Диетологдор   биологиялык активдүү кошулмаларды көзөмөлсүз колдонуудан сактанууну эскертти.  Витаминдерди, минералдарды жана аминокислоталарды врач менен кеңешкенден кийин гана ичүү керектигин, антпесе, ден соолукка көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Мындай дарыларды көзөмөлсүз колдонуунун кесепеттери уулануу,  аллергиялык реакция, жүрөк айлануу, кусуу, ысытма жана исиркектерди пайда кылат.
Адистер витаминдер  кандай өлчөмдө жетишпей жатканын так билүү үчүн текшерүүдөн өтүүнү сунуштайт.  Мисалы, цинк иммундук системаны бекемдейт.  Денедеги жараларды айыктыруу үчүн зарыл, репродуктивдүү функцияга таасир этет.  Бирок ашыкча болсо организмдин уулануусуна алып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Москвада 40 каттам кармалып, төртөө токтотулду

Ишемби, 28-октябрда  эртең менен Москванын Внуково, Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда  40 каттам кармалып, төртөө токтотулду. Дем алыш күндөрү Москвада ноябрь айынын орто чениндеги нормага ылайык аба ырайы сакталып, кар жана тайгалак болушу күтүлөт. Кечээ, 28-октябрда Москвада бийиктиги 16 сантиметрге жеткен кар жааган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн