Венгрия өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Автор

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Коррупцияга шектелген чиновник кайрадан жаңы кызматка келди

Министрлер кабинетинин төрагасы тышкы иштер министрлигинин орун басарлык кызматына Темирбек Эркинов аттуу чиновникти дайындады. Ал мындан мурда коррупция менен айыпталып, камакка алынган эле. Эркинбек Темиров 2023-жылы Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун жетектеп турганда коррупцияга шектелип, камакка алынган. 13 күндөн кийин УКМКнын тергөөчүсү аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Биринчи май райондук соту […]

Сизге жагышы мүмкүн