Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО өлкөлөрүн Россия менен аскердик кагылышууга тартууну каалайт, деп билдирди Венгриянын премьер-министринин саясий кеңешчиси Балаж Орбан. Ал Венгриянын бийликтери Зеленский сунуштаган “жеңиш планын” колдобой турганын айтты.
«Венгрия бул жеңиш планын колдой албайт. Пландын бир бөлүгү НАТО өлкөлөрүнүн жаңжалга активдуу тартуу. Тескерисинче, стратегияны өзгөртүп, байланышты калыбына келтирип, мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо керек»,-деди Орбан.