Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди

Автор

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Венгриянын премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Расмий сапарынын алкагында Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Белгилей кетсек, Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышат.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда 60-жалпы шайлоо өтөт

АКШда алтымышынчы кезектеги жалпы шайлоо шейшемби, 5-ноябрда өтөт. Президент жана вице-президенттен тышкары, америкалыктар 33 сенаторду, Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн, 11 штаттын жана эки аймактын губернаторлорун, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарын шайлайт. Ак сарай үчүн күрөштө вице-президент Камала Харрис жана Миннесота штатынын губернатору Тим Уолц экс-президент Дональд Трамп жана Огайо штатынан […]

Сизге жагышы мүмкүн