Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата “Велосезон-2023” ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багына чейин уланат.
“Жүрүш саат 09:00дө башталып,10:30да аяктоо пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.