Вейптерге тыюу салынды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев вейптерди ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгонун Акорда сайты билдирди.
Өлкөдө мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Мындай каражаттарды саткандар 1,6 миң доллар айыпка жыгылат же 50 күнгө чейин камакка алынат.
Электрондук керектөө тутумдарын ташып келүү жана өндүрүүгө 16,5 миң доллар өлчөмүндө айып салуу, эки жылга чейин эркиндигин чектөө же ошол эле мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Буга керектүү ароматизаторлорду жана алар үчүн суюктуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам басма сөздө расмий жарыялангандан 60 күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Имамидин Ташов кармалды

Бийликти күч менен басып алууга шектелип, издөөгө алынган мурдагы ишкер, “КГ групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кылтакка илинди. Ал 22-апрель күнү чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Панфилов районунун Кайыңды айылына киргенде УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн