Вашингтондогу авиа кырсык боюнча тергөө башталды

Автор

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Вашингтон алдындагы Рейган атындагы аэропорттун жанындагы аба мейкиндигинде жүргүнчү учагы менен аскердик тик учактын кагылышуусунун жагдайларын иликтөө дароо башталганын билдирди.
«Издөө-куткаруу иштери уланып жатат. Армия жана Коргоо министрлиги дароо тергөө жүргүзүүгө киришти»,-деп жазды АКШнын коргоо министри Х социалдык тармагындагы баракчасында.
Жүргүнчү учагында жалпы 64 адам болгон. Тик учактын экипажы үч аскер кызматкеринен турган.
Куткаруучулар Потомак дарыясынан 18 сөөктү алып чыкканын маалымдады. Буга чейин аман калгандар табыла электиги айтылган.
Учак менен тик учактын кагылышуусу Вашингтон аэропортунун жанында болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте автоунааларга кытайда чыккан катализаторлор орнотула баштады

Бишкек мэриясы Кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынап баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Эксперимент үчүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына катализаторлор орнотулган. Экологдор алгач аталган транспорттон чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат. Буга чейин Бишкектеги ышты жоюу […]

You May Like