Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин “Барс” (Каракол) футболдук клубу менен бир жылдык келишим түздү.
Ал 2024-жылы Ташкенттин «Локомотив» клубунда ойногон. Быйылкы жаңы сезондо «Барстын» Кыргызстандын Премьер-Лигасындагы тарыхый дебютунун бир бөлүгү болмокчу.
Эске салсак, Владимир Кичин профессионалдык карьерасын «Абдыш-Ата» клубунда баштап, «Анжи», «Тюмень», «Торпедо», «Минск» «Динамо» жана «Ташкент Локомотив» сыяктуу командаларда ойноого жетишкен.