Валентина Шевченко үчүнчү жолу Алекса Грассо менен беттешет

Автор

Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) уюмунун башчысы Дана Уайт 14-сентябрда Лас-Вегаста «Сфера» спорт комплексинде өтө турган жана Мексиканын Эгемендүүлүк күнүнө туш келген UFC 306 (UFC Noche) турниринин толук курамын расмий жарыялады.
Анда спорттук уюмдун башчысы Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады
Бул иш-чаранын негизги жолугушууларынын бири – жеңил салмактагы UFC чемпиону Алекса Грассо менен мурдагы кур ээси, рейтингдин биринчи номери Валентина Шевченконун беттеши болот деп айтты..
Белгилей кетсек, бул алардын үчүнчү жолугушуусу болот: Грассо биринчисин 2023-жылдын мартында мөөнөтүнөн мурда утуп алган, ал эми өткөн жылдагы UFC Noche шоусунун алкагында өткөн экинчи беттеш калыстардын упайлары боюнча келишпестик менен тең чыгуу менен аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайра шайлоо: №13 Сузак округу боюнча 9 адам арыз берди

22-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) боюнча дагы бир талапкер Айдаров Ынакбек Эргешовичтен арыз түшкѳн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда […]

Сизге жагышы мүмкүн