Бүтүрүүчүлөргө аттестат берүү күнү айтылды

Автор

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу мамлекеттик документтер 28-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат саат 9.00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто билими тууралуу аттестат саат 11.00дө тапшырыла баштайт.
Быйыл биринчи жолу 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик документтерди кагаз жана электрондук түрдө алышат.
Бүтүрүүчүлөрдүн документтери Тундук порталынын маалымат базасында сакталат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын мамлекеттик секретарынын жардамчысы Вьетнамга визит менен барат

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Чыгыш Азия жана Тынч океан иштери боюнча Дэниел Критенбринк Вьетнамга эки күндүк расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы билдирди. Америкалык дипломат 21-22-июнда Ханойго барат деп такталган. “Ал АКШ менен Вьетнамдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн ишке ашырууга АКШнын чечкиндүү аракетин баса белгилөө […]

Сизге жагышы мүмкүн