“Бүтүн Кыргызстандын” лидери парламентти сынга алды

Автор

Ал Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоорлорун, токтомдорду талкуулабай эле кабыл алынып жатканын сындап, “Башмыйзам боюнча парламенттин 2-3 эле функциясы бар. Улуттук банктын төрагасынын отчётун угуу биздин милдетибиз. Мурда Жогорку соттун отчётун да укчубуз. Кийин аны да алып салышты. Парламенттин укуктары азайып эле баратат. Депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Беш киши суроо берем десе, 25 адам оозун жаап коёбу?”, – деп билдирди Исхак Масалиев.
Улуттук банктын жаңы жетекчиси Мелис Тургунбаев бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук Банктын 2023-жылдагы отчётун берди.
Депутат Исхак Масалиевди нааразы кылган учур депутат Элдар Сулаймановдун Улуттук банктын аткарган иштери парламенттин тиешелүү комитетинде талкуудан өткөнүн, Мелис Тургунбаев бул кызматка жаңы эле дайындалганын айтып, отчётту талкуусуз кабыл алууну сунуштаганда жаралды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шольц Россия боюнча билдирүү жасады

Германиянын канцлери Олаф Шольц Бундестагда сүйлөп жатып, Россияны Украинадагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууга байланыштуу “диалогдон баш тартты” деп айыптады. “Россия тынчтыкты каалабайт, бирок Украина аны каалайт. Адилеттүү, баш ийбестен жана жаңы агрессиядан коркпой”,-деди ал. X социалдык тармагында немис колдонуучулары канцлерди чындыкты четке кагып жатат деп айыпташты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн