Шри-Ланкада негизги электр чубалгыларынын бириндеги системанын бузулушу бүткүл аралда электр жарыгын өчүрүүгө себеп болду.
Аралда электр энергиясынын негизги булагы гидроэнергетика болуп саналат. Көмүр жана нефть калдыктык негизде колдонулат.
Өткөн жылы Шри-Ланкада бир нече ай бою күн сайын бир нече сааттан электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Буга ГЭСтердеги суунун деңгээли тез-тез түшүп турганы себеп болгон.