Мындан ары Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү 25-майда белгиленет. Бул датаны БУУнун Башкы ассамблеясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 25-май Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү катары тандалган, анткени 2024-жылы ушул датадан бери бардык аймактардын өкүлдөрү катышкан биринчи эл аралык футбол турниринин өткөнүнө 100 жыл толот.
Бул мелдеш 1924-жылы Парижде өткөн Олимпиадада өткөн.
Буга чейин 10-декабрь расмий эмес футбол күнү катары эсептелип келген.
Дүй Май 13 , 2024
Эртең, 14-майда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26. Бишкек шаарында […]