Бүгүн, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул күндү ЮНЕСКО 1995- жылы Парижде өткөн конференцияда 23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү деп белгилеген.
Максаты адамзаттын маданий өнүгүүсүнө салым кошкондорду даңктоо, китеп окуу маданиятын өркүндөтүү болгон.
Ошондой эле маданий кызматкерлер үчүн ЮНЕСКОнун атайын наамы берилип, ар кыл өлкөлөрдө ири маданий иш-чаралар өтүп турат.
Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.