Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү : Китеп тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

Чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча китеп окуу өмүрдү эки жылга узартат. Китеп окуу эске тутууну жакшыртып, чүнчүп, чөгүп кетүүдөн сактануунун жакшы ыкмасы болуп саналат. Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнүнө карата китеп тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.
1. Китепти эркектерге караганда аялдар көбүрөөк сатып алат (68%).
2. Дүйнөдө сатылган китептердин жарымынан көбүн 45 жаштан ашкан адамдар алышат.
3. Бир романды жазуу үчүн орточо 500 саат керектелет.
4. Байыркы убакта китеп абдан кымбат болгон. XVIII кылымга чейин айрым китепканаларда, уурулуктун алдын алуу үчүн китептер чынжырланып, кулптанган учурлар болгон.
5. Китепти жай окуп жатканда 60%ы эсиңде калса, тез окуп жатканда 80%ы эсиңде калат.
6. Ыкчам окуганга караганда жай окуганда көз бат чарчайт.
7. М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.
8. Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн
9. Бальзак жарым саатта эки жүз барак окуган.
10. Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы депутат жөнүндө эмне белгилүү

Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусуповдон бошогон орунга көчүк басып, мандат алган депутат Советбек Рустам уулу жөнүндө жарытылуу маалымат жок. Элдин эсинде калганы, экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнүндө Раимбек Матраимов менен чогуу болгон видеосу тараган. Анда видеону өзү тартып, туулган күн белгиленип жатканын айткан. Кийин анын видеосу соцтармактар аркылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн