Бүгүн KFU Football Awards – мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өтөт

Автор

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, KFU Football Awards – өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи.
Салтанаттуу аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.
Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:
Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу;
Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;
Футзалдын мыкты оюнчусу;
Футболдун мыкты жаш оюнчусу;
Футболдун мыкты машыктыруучусу;
Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу;
Футзалдын мыкты машыктыруучусу;
Футболдун мыкты калысы;
Футзалдын мыкты калысы;
Мыкты спорттук уюм;
Мыкты регионалдык ассоциация;
Мыкты футбол клубу.
Белгилей кетсек, “Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу” номинациясы бул жылы жаңы түзүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Европа мамлекеттери сириялыктарга башпаанек процессин токтотуп жатат

Бельгия Сирияда бийлик алмашкандан кийин өлкө “коопсузбу” деген маселе чечилмейинче, сириялыктарга башпаанек берүү процессин токтотту. Өлкөнүн Качкындар жана жарандыгы жок адамдар иштери боюнча генералдык комиссариаты Сириядан чыккан адамдарга качкын статусун берүү боюнча бардык процедураларды токтоткон. Буга чейин Евробиримдиктин бир катар башка өлкөлөрү, Австрия жана Германия сириялыктарга качкын статусун берүүнү токтоткон. […]

Сизге жагышы мүмкүн