Бүгүн, 26-декабрь Азербайжанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Автор

Бүгүн, 26-декабрда Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.
“Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим”, — деп айтылат президенттин буйругунда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыйраган учак октябрда техникалык кароодон өткөн

Актау шаарынын жанында кырсыкка учураган Embraer 190 учагынын акыркы толук техникалык кароосу ушул жылдын октябрында жүргүзүлгөн. 4K-AZ65 каттоо номериндеги учак 2013-жылы чыгарылганын авиакомпания билдирди. “Өндүрүүчүнүн сериялык номери: 19000630. Учактын жалпы конуу саны 9949, жалпы учуу убактысы 15257,22 саат. Учактын акыркы толук техникалык кароосу 2024-жылдын 18-октябрында жүргүзүлгөн. Акыркы текшерүүдөн бери 671 […]

Сизге жагышы мүмкүн