Бүгүн, 15-июнь Өрт өчүрүүчүлөр күнү белгиленет. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы 1994-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 Токтому менен 15-июнь Өрт өчүрүү кызматкерлеринин күнү болуп бекитилген.
Ушул күнү 1926-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы Өрт өчүрүү кызматы Фрунзе шаарында түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларга унаа катарында 4 ат араба, 1 автоунаа болгон.