Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги министрлер кабинетинин жетекчилиги астында бүгүн, 16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу ишембилик өткөрүүдө.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Иш-чаранын башкы максаты — таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.