Бүгүн, 22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу өлкөнүн айрым региондорунда энергетика тармагына эмгек сиңирген кызматкерлер сыйланып, белектер берилет.
Мындан бир кылым мурун — 1920-жылы 22-декабрда, Кыргызстанда алгачкы ирет гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кыргызстанда Энергетиктердин күнү Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген.
Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Белорусия, Армения, Казакстан жана Украина белгилейт.